Сайкал Садыбакасова эмне үчүн муңдуу ырларды көп ырдайт? Өзүнүн жообу

«Менин дүйнөм» берүүсүнүн кезектеги каарманы ырчы Сайкал Садыбакасова болду. Ал башынан кетирген катачылыктары, турмуштан алган сабактары, тагдырында болгон чоң бурулуш тууралуу айтып берди.

«Бир жаман комментарий деле көңүлүмө тиет. Мурдагыдай ыйлабай, бирок бир күн көңүлүм жок жүрөм. Ар бирине түшүндүргүң келет. Бумеранг деген бар экен. Мен ошого 100 пайыз ишендим», — деди ал.

Ырчы айымдын айтымында, шаңдуу ырларды деле кайгылуу кылып ырдап коёт. «Апам дайыма кайгылуу ырларды ырдаба деп айтат. Мен жан дүйнөм эмнени сезип жатса, ошону ырдайм. Көпчүлүк учурда обонго маани берем», — дейт Сайкал Садыбакасова.