Сайкал Садыбакасова иниси тууралуу: «Күн өткөн сайын сагынычың күчөйт экен»

«Менин дүйнөм» берүүсүнүн кезектеги каарманы ырчы Сайкал Садыбакасова болду. Ал башынан кетирген катачылыктары, турмуштан алган сабактары, тагдырында болгон чоң бурулуш тууралуу айтып берди.

«Иним тууралуу сүйлөш мага өтө оор. Ал барда жашоом башкача болчу экен. Аны азыр түшүндүм. Жүрөгүм ток болчу экен. Азыр жүрөгүм толук эмес. Сагынуу, элес бар. Мени бирөө капа кылып койсо деле эстей берем. Эркин болгондо, мени кандай болсом кабыл алмак деп ойлоном. Ал ар дайым мен тарап болчу. Орду толгус адам. Апамды көрүп, ого бетер жаман болом. Апам күн сайын ыйлайт. Күн өткөн сайын сагынычың күчөйт экен», — деди ал.

Гүлшайыр Садыбакасованын 19 жаштагы уулу Эркин Садыбакасов 2020-жылдын август айында жүрөк оорусунан улам каза болгон.