Сайкал Садыбакасова: «Салмагым 92 килограммга чейин жетип, ден соолугума көп күч келди» (видео)

Акыркы учурда сахнада, эл көзүнөн алыстап кеткен ырчы Сайкал Садыбакасова SUPERTV каналына маек берип жатып, жашоосунда болгон өзгөрүүлөрү тууралуу айтып берди.

«3 жылдай болуп калды, экрандан, эл көзүнөн качып калдым. Иним каза болгондо катуу стресске кабылып, аллергиям козголду. Ошого байланыштуу гормоналдык дарыларды ичип 92 килограммга чейин семирип кеттим. Адам семиргенде ден соолугуна да чоң күч келет экен. Менде да ошондой маселелер болду.

Толук адамдар мени жакшы түшүнөт. Кийим кийсем жарашпай, өзүмө өзүм жакпай чүнчүп баштадым. Атайын липосакция кылган жеке клиникаларга барып консультация алып, апамдан операция кылдырайын деп сурасам уруксат бербей койду. Акыры өзүм туура тамактанып отуруп 92 килограмм салмактан 62 килограммга түштүм», — дейт ырчы айым.