Сакиш: “Бопуш каза болгон соң 2-3 ай өзүмө келе албай жүрдүм”

SUPER TV`нын #БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Сакиш каймана аты менен таанымал актриса Айнура Тургунбаева болду.

Ал түз эфир учурунда канча жылдан бери бир тандемде иштеген Бопуш каймана аты менен таанымал, маркум актёр Марат Жанталиевди эскерип өттү.

“Бопуштун бөйрөгү ооруп жүргөнүн билчүмүн. Бир күнү анын бир тууган агасы чалып, катуу ооруп жатканын айтты. Анда деле оюма жаман нерсе келген эмес. Миң уктасам да Бопуштан айрылып калабыз деп ойлогон эмесмин. Ал каза болгондон кийин өзүмдүн эжем оорудан улам көз жумуп, үстөккө-босток болуп отуруп калдым. 2-3 ай өзүмө келе албай жүрдүм” деди актриса.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз: