Сакиш: “Эми турмушка чыкпасам керек. Сунуштар болсо сүйлөшүп көрөбүз”

SUPER TV`нын #БийикТикте долбоорунун кезектеги каарманы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Сакиш каймана аты менен таанымал актриса Айнура Тургунбаева болду.

Ал түз эфир учурунда суроолорго жооп берип жатып, жеке жашоосуна да токтолуп өттү.

“Убагында иштешип керек, атымды таанытышым керек деп жүрүп, турмуш курууну ойлобойт экенсиң. Театралдык окуу жайда окуп жүргөн кезде колумду сурагандар болгон, карьера үчүн баш тарткам. Азыр эми убакыт өттү, картайдык. Турмушка чыкпасам керек. Эгер болуп калса, сүйлөшүп көрөбүз да” деп күлдү ал.

Ошондой эле, табитиндеги мырзалар тууралуу сурообузга төмөнкүдөй жооп берди.

“Туруктуу, бир сүйлөгөн, айтканына кайтпаган мыразалар жагат. Эркек деген эркекке тийиштүү сапаттарга ээ болуш керек”, — деди ал.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.