Салтанат Шекенова: «Азыр айылга барып жашоону элестете албайм»

30-ноябрь күнү Бишкекте режиссёр Ырыс Жоомартованын «Эшбай» тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү. Кинонун бет ачарында тасмада роль жараткан Салтанат Шекенова ага жага турган жигиттин кандай болушу керектигин айтты.

«Мени канатына калкалап, тоом болушу керек. Ага эркелешим керек. Мени баккан, өзүнө тың жакшынакай эркек болушу керек», — деди ал.

Ал журналисттин «айылга барып жашайт белеңиз?» деген суроосуна «айылга барып жашоону азыр мен элестете албайм» деп жооп берди.