«Сальвадор Дали» кыска метраждуу тасма Түркияда мыкты аталды

Режиссёр Элдияр Мадакимдин “Сальвадор Дали” кыска метраждуу көркөм фильми Түркияда өткөн «Гладиатор» эл аралык кинофестивалында “Мыкты кыска метраждуу тасма” жана “Мыкты оператор”, “Мыкты постер” наамдарын жеңип алды.

«Сальвадор Дали» кыска метраждуу тасмасы буга чейин да эл аралык кинофестивалдардан бир нече байге багындырган.