«Саманчынын жолу» спектакли Казакстанда өткөн фестивалда гран-приге татыктуу болду (видео)

Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук академиялык драма театрынын «Саманчынын жолу» спектакли Казакстанда өткөн фестивалда «Эң мыкты спектакль» номинациясын жеңип, гран-прини алдык. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги актриса Альбина Имашова менен байланышканыбызда маалым болду.

Маалыматка караганда, Казакстанда өтүп жаткан Кыргыз маданият күндөрүнө барып, театралдык фестивалга катышышкан. «Абдан жемиштүү кайтып келе жатабыз. Бул фестивалга 6 мамлекеттен 10догон спекталдер коюлду. Казакстандын шаарларынан эле бир нече спекталь коюлду. Бирок биздин «Саманчынын жолу» спектали эң мыкты аталды. Ошондон эле ТҮРКСОЙдун алтын медалын алдык. 1,5 миллион теңгенин сертификатына ээ болдук»,- деди актриса.