Самара Каримованын классташы: «Мектепте Самарага балдардан көп кат келчү»

Бул ирет студиябызга конокко Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованы 11 жыл бирге окуган классташтары менен чакырдык. Классташтары ырчы жөнүндө “Самара мектептин маданият министри болчу” дешет.

«Биз 5-класстан эле кат алыша баштаганбыз. Самарага көп келчү. Самарага жигиттер көп сөз айтчу»,- дейт классташтары.

«Биздин мектепте 300дөй окуучу окуйт эле. Ал жерде ким кандай, ким эмне менен дем алып жатканын билчүбүз. Ал учурда Жаңылай абдан активдүү болчу»,- дейт күлүп Каримова.