Самара Каримованын классташы: «Самарага айтылгандай сынды биз көтөрө алмак эмеспиз»

Бул ирет студиябызга конокко Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованы 11 жыл бирге окуган классташтары менен чакырдык. Классташтары ырчы жөнүндө “Самара мектептин маданият министри болчу” дешет.

«Самара азамат. Кечинде карасаң Ошто, эртең менен Бишкекте. Чакырылган жерге келбей калса деле таарынбайбыз. Самарага көп да сын айтылат, биз андай сынга чыдамак эмеспиз. Самара популярдуулукка эмгек менен жетти. Биз андай эмгек кылган жокпуз»,- дешти алар.