Самара Каримованын классташы: «Сынакка барып, мен аялы Самара күйөөм болуп бийлегенбиз»

Бул ирет студиябызга конокко Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованы 11 жыл бирге окуган классташтары менен чакырдык. Классташтары ырчы жөнүндө “Самара мектептин маданият министри болчу” дешет.

«Мектепте Самара жакшы окуп, коомдук иштерге активдүү катышчу. Сынактарга катышып, жеңип келер элек. Мектептен эле сонун ырдайт болчу. Айтканына жеткен, абдан аракетчил болчу. Сынактардын биринде мен аялы Самара күйөөсү болуп бийлегенбиз», — деди классташы Жаңыл айым.