Самара Токтакунова: «Гастролдоп кеткенде уулдарымдын сагынып, сүрөтүн карап ыйлачумун»

SuperTV`нын кезектеги каармандары Кыргыз ССРинин Эл артисти Самара Токтакунова менен уулу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев болушту. Маек учурунда Самара Токтакунова чыгармачылык деп жүрүп балдарына көп көңүл бөлө албай калганын айтты.

«Актан уулум 1972-жылы төрөлгөн. Кудайга шүгүр биз жаман жашаган жокпуз. Анткени ата-энем колунда бар кишилер болчу. Атам өмүрү колхоздун кетменин чаппаган киши болчу. Уулум Майкл Жексондун сүрөтүн илип эле «мен ошондой болом» дей берчү», — дейт Токтакунова. 

«Мен кичинекей кезимден музыкага аралашып калдым. Атам менен апам бизди алып барып эле музыкалык мектепке өткөрүп койгон. Ошону улантып кеттик. Өзүмө да жакты», — деди Исабаев.

«Мен уулум төрөлгөндөн кийин 8 айдан кийин эле апам менен сиңдиме таштап кетип калдым. Жолдошум экөөбүздүн ишибиз ошол да. Ал кыякта, мен комузда ойночумун. Балдарды тарбиялаганга убакыт болгон жок. Балдарымдын сүрөтүн алып алчумун. Аны көрүп ыйлап да алчумун, анда жолдошум «ыйласаң неге келесиң гастролго» деп урушчу», — дейт ал.