Самара Токтакунованын чыгармачылыгынын 60 жылдык юбилейине арналган концерт болуп өттү (сүрөт)

Кечээ, 3-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда СССРдин эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунованын “Комуз жана Самара” аталышындагы чыгармачылыгынын 60 жылдык юбилейине арналган концерти болду.

Кеченин ачылышында Самара Токтакунованын өмүр таржымалы, чыгармачылыгы камтылган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Самара Токтакунованы куттуктап белгилүү коомдук, саясий, маданият ишмерлери келишти. Сөз алгандар замандын залкары менен замандаш, сапарлаш болгонуна сыймыктанышарын айтып өтүштү. «Концертти Самара Токтакунованын жолдошу Чалагыз Исабаевдин ысымын алып жүргөн «Камбаркан» фольклордук ансамбли, “Акак” комузчулар тобу жана комузчунун шакирттери коштоп, уулу Актан Исабаев, Гүлнур Сатылганова, Токтобүбү Черикчиева, Роза Аманова ыр сунушту»,- деп айтылат маалыматта.