Актёр Самат Эркинбеков: «Жарнамалык вайндан 3000 долларга чейин алам»

Актёр Самат Эркинбеков жакында орусиялыктар менен биргеликте тартылчу тасмага башкы ролго даярданып жатканын SuperTV каналынын «Рулдагы жылдыз» берүүсүнө маек берип жатып билдирди.

«Инстаграм баракчасы аркылуу жакшы эле киреше табабыз. Эң аз дегенде бир жарнамалык роликтин акчасы 500-600 доллардан башталып, 3000 долларга чейин болот. Биз 10 жылдан ашык бул тармакта эмгектенип келе жатабыз. Ачка-ток калган күндөр болду, троллейбуста акчабыз жок жүргөн күндөр өттү. Ошондо да чыгармачылыкты таштабай иштеп келдик. Мунун баары эмгек. Кардарларга жарнамалык роликтин артында кандай эмгек жатканын түшүндүрөбүз, алар макул болушат», — дейт Самат мырза.