Самат Эркинбеков: «Мен пародия кылган талапкердин жардамчылары менен жолуктум. Кысым болгон жок»

Актёр Самат Эркинбеков 6-октябрь күнү «Мына сага, Жаңы жыл» аттуу тасманын бет ачар аземинде эл алдына Президенттикке талапкерлердин биринин образында чыгып сөз сүйлөп, алтургай, өзүн Самат Капаров деп тааныштырып,  сүйлөп жатканда артта турган адамдын кулап калганын сахналаштырган эле. Мындан улам, Эркинбековго карата коомчулуктан «абайла», «бул кылганың туура эмес», «кысым болот деп коркпойсуңбу» деген өңдүү пикирлер айтылган.

Бүгүн, 10-январда Эркинбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жогорудагы жоруктан соң эч кандай кысым болбогонун билдирди.

«Мурдагы күнү мен пародия кылган талапкердин жардамчылары менен жолуктум. Алар тарабынан эч кандай коркутуу жана кысым болгон жок. Тескерисинче, сүйлөшүү позитивдүү формада башталып, алардын чыгармачылыгыма ийгилик каалоосу менен бүттү. Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, артист менен эл калат. Урматым менен, Самат Капаров» деп жазган ал.