Сапар Эркебаев: «Азырынча чыгармачылыкка кайтуу планымда жок»

“Жан шерик” долбоорунун кезектеги каарманы ырчы Сапар Эркебаев менен жубайы Айгерим болду. Жыл башында наристелүү болгон жубайлар “жыл өткөн сайын бала таттуу болот экен, азыр баарыбыз кичинекейибиздин көзүн карап турган убагыбыз” дейт.

Андан соң үй-бүлөдөгү мамиле, төрөттөн кийинки депрессия, балдары тууралуу кеп козгоп, кызыктуу маек курушту.

Ошондой эле Сапар Эркебаевден чыгармачылыкка кайтуу тууралуу оюн сурап, төмөнкүдөй жооп алдык.

«Көп убакыттан бери «Дордой» базарында бут кийим сатып иштеп жатканымды билесиздер. Базарга бир кирип кеткен адам оңой менен таштай албайт экен. Андыктан азырынча чыгармачылыкка кайтуу планымда жок» деди ырчы.

Жан шериктин маегин толугу менен төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар:

“Бири-бирибизди текшерип, сыр катпайбыз” дейт ырчы Сапар Эркебаев менен жубайы