Сапар Сайназаров: «Мен кайсы жакка барбайын Болот Тилекти менден сурашат»

Алгач актёр катары таанылып, кийин режиссёрлук жаатта жигердүү эмгектенип келе жаткан достор Сапар Сайназаров менен Болотбек Тилек достугу тууралуу маек курушту. 17 жылдан бери достук мамиледе келе жаткан мырзалар бири-биринин сырларын ачыкташты.

«Жакын дос экенибизди көптөр билет. Мен кайсы жакка барбайын сөзсүз Болотту менден сурашат. 2006-жылы таанышып, дос болуп калганбыз», — деди Сайназаров.

«Сапар ошол эле бойдон. Үйлөнгөнү эле болбосо, ошол эле Сапар. Мындайча айтканда, болуп кеткен жок», — деди Болотбек Тилек.