«Секс в большом городе» сериалына 25 жыл! Кечеге кимдер келди?

«Секс в большом городе» сериалынын чыкканына 25 жыл болду. Анын урматына Нью-Йоркто кече өтүп, ага Сара Жессика Паркер (Кэрри), Синтия Никсон (Миранда) жана Кристин Дэвис (Шарлотта) келди. Самантанын ролун ойногон Ким Кэттролл кечеге келген жок.

Ким Кэттролл ошондой эле сериалдын уландысына катышуудан баш тарткан болчу. Учурда экинчи сезондун алкагында иштер жүрүп жатканы маалым. Ал «Жөн эле» деген жаңы аталыш алып, 2021-жылы презентациясы өткөн. Экинчи сезон HBO Max сервисинде 22-июнда көрсөтүлөт.

«Секс в большом городе» сериалы 1998-жылдан 2004-жылга чейин көрсөтүлгөн. Анда Нью-Йоркто жашаган төрт курбунун жашоосу баяндалат.