«Сен да күт, сен да ыйла» деп ырдаган Нурила: «Апам бизди кыйналып эле бакты»

“Маралым”, “Кереметим”, “Кечир мени” жана башка ырларды кавер ырдап, кырнетте белгилүү болгон Нуриланы конокко чакырдык. Ал интервьюда өзүнүн жашоосу, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.

«Менин атым Нурила. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөм. 2000-жылкымын. Азыркы учурда чыгармачылык менен алектенип жүрөм. Музыкалык билимим жок. Кавер ыңгайлуу. Карантинде гитараны колума алып ырдай баштагам. Бала чагымда эле апам менен атам эки жолго түшкөн. Ошондуктан мен Ош шаарында чоңойгом. Сиңдим атамда калган. Мырза-Акеде көп деле болгон жокмун. Сиңдим учурда Орусияда жашайт. Аны көрө элегиме 1 жыл болуптур. 

Апам бизди кыйналып эле бакты. Ошол кезде кыйынчылыктар болгон. Мен кафеде официант болуп, кийин дүкөндө иштедим. Кассир болуп көп жерде иштедим. Андан кийин тигүүчү цехте иштедим», — деди ал.