«Сен да күт, сен да ыйла» деп ырдаган Нурила: «Курбуларымды көрүп, «атасы болгон сонун турбайбы» дегем»

“Маралым”, “Кереметим”, “Кечир мени” жана башка ырларды кавер ырдап, кырнетте белгилүү болгон Нуриланы конокко чакырдык. Ал интервьюда өзүнүн жашоосу, чыгармачылыгы жөнүндө айтып берди.

«Атамды көп деле көргөн жокмун. 5-6-класста бир келип кеткен. Атамдын кандай адам экенин, мүнөзүн билем. Жан дүйнөмдү тынчтандырыш үчүн атам жакка барып, белек алып барып, 1 ай жүрүп келейин деп жатам. Бала кезде атамдын жоктугу билинген эмес. Анан өспүрүм кезде дос кыздарыңды көрүп, «ата болгон сонун турбайбы» деген сезимдер болгон», — деди ал.