«Сендей каапырлар тозокко да кирбейт», «Унаа, үйүңдүн кимдин акчасына келгенин айтайынбы?». Ырчы Анжелика менен курбусунун чыры эмнеде?

Ырчы Анжелика Кайратова буга чейин берип жүргөн маектеринде курбусу андан ыйлап келип, 20 миң доллар алганын айтып, ал жол кырсыгына кабылып ооруканада жатканда бир да жолу келип, ден соолугун сурабай койгон курбусуна нааразычылыгын айтып келген эле. Бирок ырчы аны «сызга» отургузуп кеткен курбусунун атын буга чейин ачыктачу эмес. Бүгүн анын чыдамы түгөндү көрүнөт.

Анжелика айым Инстаграмдагы баракчасына: «Күндө ыйлап, жалдырап 3-5 миң доллар алып, ломбарддан алтындарыңды, машинаңды чыгартып алгандан кийин 20 миң доллар бербериңди билип, ижарасын төлөбөй, жабылып калган бутиктериңдин эмерегин чыгартып, калган товарларыңды кармап отурам. Дагы кандай жардам беришим керек? Эми «я товаром вернула» деп жатасың! Алардын мага кереги жок! Сен менден акчалай алгансың! Мени ар ким менен жүргөн деген ушактарды кантип жазып жатасың? Мен коркпойм! Сенин сасык сөздөрүңөн. Жеке жашоомду жомок кылып мени шантаждап жатканың үчүн дагы бир арыз жаздым! Күндө милицияга жумушка келгендей келип турасың! Сенин биринчи күйөөңдөн эмне болуп экинчи күйөөңө секиргениңдин эч кимге кереги жок болсо дагы, мени өзүңдөй кир көрбө! Мектепте менден башка сени менен ким сүйлөшчү эле? Менден башка кайсы курбуң бар эле? Бардык ушакты ойлоп таап, сен жайылтканыңды шеринедеги кыздардын баары билет. Эми дагы башыңа эмне келди билбейм, Аллахка ишенбеген сендей каапырлар тозокко дагы кирбейт! Арам оокат жеген сенсиң! Бир күнү оңолоор деп үмүт кылчумун! Эми эмне десең дагы мага баары бир! Кийимге чейин сөз кылыпсың, ал кийимдерди бардык кыздардай эле сен Дубайдан алып келип сатканыңда алганбыз. Фейк дейсиң, ошол фейктерди алып келип саткан сенби? 90 пайыз Инстаграмдагы жашооң фейк экенин айтайынбы? Асынып жүргөн сумкамды үйгө мени көрүмүш болуп келип, кызымдан алдырып, кайын сиңдиң менен кошо асынып жүргөнүңдү күзгүдөн карап койчу?! Калп эле былжырабай, алган акчамды рахматыңды айтпай эле берип кой!», — деп жазды ал.

Ал эми анын Аида аттуу курбусу: «Мен ооз ачпай келдим. Боорукерликти алсыздык катары түшүнбө! Сен мага уят тууралуу айтасыңбы? Акча үчүн үй-бүлөлөрдү бузуп, бөтөн бирөөнүн күйөөсү менен жүргөн ким? Же мен дагы сен тууралуу айтайынбы? Кимдин акчасына жашайсың, унааң, үйүң кимдин аркасы менен келгенин айтайынбы? Сен өмүр бою менин кийимдеримди кийип келгенсиң, азыр да кийип жүрөсүң. Кийим тууралуу, сен дайыма фейк кийимдерди кийесиң. Сен бутуңан башыңа чейин оригинал кийсең да, фейк боюнча каласың. Менин сага эч качан ичим күйгөн эмес. Күйбөйт дагы», — деди ал.