Съездбек Искеналиев: “Жубайымды элдин аялдарындай блогер кыла албай койдум”

SUPERTV`нын “Жан шерик” долбоорунун кезектеги коноктору ырчы Съездбек Искеналиев менен жубайы Жаркынай Искеналиева болду. Жубайлар сүйүү баяны, үй-бүлөлүк жашоо, ата-эне болуу жоопкерчилиги тууралуу кеп козгоп, кызыктуу маек курушту.

Съездбек Искеналиев алып баруучу берген суроолорго жооп берип жатып, жубайы интернет тармагына такыр кызыгуусу жок экенин айтты. “Азыр элдин аялдарынын баары эле блогер болуп кетти го. Мен Жаркынайды эч эле блогер кыла албай койдум. Атайын СММ адистиктин окуусуна жиберсем да кызыкпай койду”, — деди ал.

Ырчынын жубайы жолдошунун сөзүн улап: “Ооба, социалдык тармактарга болгон кызыгуум жок. Жаңылыктын баарын жолдошумдан угам. Инстаграм социалдык тармагына ашып кетсе айына эки жолу кирем”, — деди.

“Жан шерик” долбоорун төмөндөгү видео аркылуу көрө аласыздар.