Съездбек Искеналиев кырк жылкылуу болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Съездбек Искеналиев кыздуу болду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги куттуктап байланышканыбызда, жубайы кечээ, 11-февралда көз жарганын айтты.

«Эне баланын абалы жакшы. Кызым кичине ыйлагыраак болуп жатыптыр» деген ырчы мырза кызына ысым тандап жатканын бөлүштү. Буга чейин ырчы мырза соцтармактагы баракчасына «Пери, Ширин, Сулуу, Анель деген аттардын кайсынысын ыйгарсам» деген пост жазган.

Бул түгөйлөрдүн 5-баласы. Алар буга чейин 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келишкен.