Съездбек Искеналиев кызына уулунун сунушу менен Ширин деген ат койгонун билдирди

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Съездбек Искеналиев кыздуу болгон. Ал жубайы 11-февралда көз жарганын айткан.

«Эне баланын абалы жакшы. Кызым кичине ыйлаак болуп жатыптыр» деген ырчы мырза кызына ысым тандап жатканын айткан. Буга чейин ырчы мырза соцтармактагы баракчасына «Пери, Ширин, Сулуу, Анель деген аттардын кайсынысын ыйгарсам» деген пост жазган.

Ырчы мырза «элдин каалоосу менен жана албетте, уулум Байамирдин суранычы менен Ширин деп койдук» деп жазды. Бул түгөйлөрдүн 5-баласы. Алар буга чейин 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келишкен.