Съездбек Искеналиев орусиялык ырчы Женя Отрадная менен дуэт жаздырып, гастролго чыкты

Эстрада ырчысы Съездбек Искеналиев орусиялык белгилүү ырчы Женя Отрадная менен дуэт жаздырды. Бул тууралуу ырчы мырза СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Женя менен режиссёр досум Айбек Дайырбеков аркылуу 1 жыл мурун таанышканбыз. Ошондон бери үй-бүлөлөрүбүз менен жакшы катышып калдык. Жакында Женя экөөбүз залкар акыныбыз Түмөнбай Байзаковдун калемине таандык «Жаштык» деген ырын дуэт кылып жаздырдык. Женяга Кыргызстан, кыргыз эли абдан жагып, кызыгуу жаратып жатат.

Учурда мен «20 жыл сахнада» деген аталышта гастролдук тур менен Нарын облусунда жүрөм. Күзгө чейин Женяга Кыргызстандын аймактарын көрсөтүп, чогуу жер кыдырып, гастролдойбуз», — дейт ырчы.

Эске салсак, орусиялык ырчы Женя Отрадная «Уходи», «Зачем любовь?» деген ырлары менен коомчулукка белгилүү.