Шайыр Касмалиева сахна менен коштошуп, кече өткөрдү (сүрөт)

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 32 жылдык өмүрүн арнаган Шайыр Касмалиева кечээ, 17-октябрда сахна менен коштошуу кечесин өткөрдү.

Шайыр Зарлыковна Касмалиева 1985-1989-жылдары Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алган. 1990-жылы Улуттук театрдын астанасын аттап кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген.

Актриса чыгармачылык жолунда ондогон кайталангыс образдарды жаратып, академиялык театрдын репертуарындагы спектаклдердин көркүн ачып келген. Коштошуу кечесине театрдын жамааты катышып, актрисанын кыргыз театр сахнасына берейин деген көрөңгөсү али көп экенин айтышып, актрисанын чечимине ичтери тызылдаганын жашырышкан жок. Алар актрисанын мындан аркы чыгармачылыгына даңгыр жол каалашты.