Шайыр Касымалиева имиджин өзгөрттү. “Мурунку чачым менен көпкө жүдөп жүрдүм” дейт ал

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актриса Шайыр Касымалиева имиджин өзгөрттү. Ал узун чачын кыска кылып кыркууга эмне түрткү болгонун SUPERTV`га айтып берди.

“Имиджимди өзгөртүүнүн олуттуу деле себеби жок. Болгону соңку убакта чачым аябай бузулуп жаткан. Өзүңөр билгендей буга чейин дайыма узун, кара чач менен жүрчүмүн. Кийин курбуларымдын сунушу менен чачымды бир аз кыскартып, сары түскө боёгом. Ошондо чачым аябай суюлуп, түшүп, шыпыргыдай эле болуп калган. Көпкө чейин жүдөп жүрдүм. Кайрадан кара түскө өтүп, чачка кам көрүүчү бардык каражаттарды колдонуп көрдүм. Эч эле оңолбой койду. Мындан улам кыска кылып кырктырууну туура көрдүм”, — деди ал.

Ошондой эле, бул чечимге келүү да оңой болбогонун кошумчалады.

“Көп жылдан бери кыска чач менен жүрө элек болгондуктан, абдан чочуладым. Жарашабы, башымдын формасына туура келеби деп көпкө ойлондум. Анын үстүнө элдин оюнан да корктум окшойт. Бирок кырктырган соң, тескерисинче комплименттерди угуп жатам. Азырынча терс сын айтыла элек”, — дейт актриса.