«Шамбала» кезектеги эл аралык кинофестивалда сыйлык алды

Кыргыз Эл артисти, кинорежиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы Индияда Чатрапати Шиваджи шаарында өткөн эл аралык кинофестивалында «Мыкты тасма» жана «Шиважи Махарадж падышасынын глобалдык лидерлик сыйлыгын» жеңип алды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

«Шамбала» тасмасы буга чейин да бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, сыйлыктарды жеңип алган. 2021-жылдын апрель айында Москвада өткөн эл аралык кинофестивалда “Ника” сыйлыгын, андан соң Калькуттадагы эл аралык фестивалда мыкты режиссура сыйлыгын жана башка бир катар эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.

«Шамбала» тасмасы Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.