«Шамбала» тасмасы Бруклин кинофестивалында «Мыкты оператор» наамын жеңди

Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган «Шамбала» тасмасы Бруклин кинофестивалында «Мыкты оператор» наамын алды.

Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде тартылган «Шамбала» көркөм тасмасы 2020-жылы жарыкка чыккан. Тасмага учурдагы «Кыргызфильм» киностудиясынын жетекчиси Акжол Бекболотов жана Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер Мурат Алиев операторлук кылган.