«Шамбала» тасмасы Дүйнөлүк Азия кинофестивалында сыйлыкка татыды

Режиссёр Артык Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы Лос-Анжелес шаарында өткөн Дүйнөлүк Азия кинофестивалында көрүүчүлөрдүн “Ак илбирс” сыйлыгын жеңип алды.

Asian World берген маалыматка караганда, тасма ошондой эле 10 миң долларлык сыйлык алган. Жеңүүчүлөр 11-ноябрда Беверли-Хиллздеги Сабан театрында өткөн фестивалдын жабылыш аземинде жарыяланды.

“Шамбала” тасмасы Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде тартылган. 2020-жылы анын дүйнөлүк бет ачары Шанхай эл аралык фестивалында өттү. 2021-жылдын 25-апрелинде тасма Балтика, Грузия жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин эң мыкты тасмасы болгоу үчүн «Ника» сыйлыгын алган.