«Балдар кыйналды, бирок айтышпайт. Сенсиз 27-күн жашап жатабыз». Шоумен, актёр Кадыр Жарматов жубайын эскерди

Шоумен, актёр Кадыр Жарматов келинчеги Каныкей Саматованы эскерип социалдык тармактагы баракчаларынын бирине билдирүү жазды.

«Тамак бышты келесизби? Каяктасыз? Мыналарды ала келиңиз. Балдарды ойнотуп келели деп эми эч ким жазбайт, дагы деле ишенбейм. Балдарыбыз кыйналды, бирок кыйналганын айтышпайт. Мына сенсиз 27-күн жашап жатабыз, жаныңа баргым эле келип турат, бирок козуларымды ойлойм. Буюрса качандыр бир убакта акыретте көрүшөбүз. Эркектерге кайрылам, колдон келсе аялыңарды катуу сыйлагыла, дагы да сыйлагыла! Мен көкүрөгүмдөгү кайгыны, арманды айтып түшүндүрө албайм… Кош жан эркем! Сен биздин түбөлүк жүрөгүбүздөсүң», — деген ал.

Шоумен, актёр Кадыр Жарматовдун келинчеги Каныкей Саматова 22-апрелде каза болгон.