Шоумен Алмаз Аманбаев: «Ата-энем таарынышып кетишкен. Мен таежемдин колунда чоңойдум»

Жыл башында белгилүү тамада, шоумен Алмаз Аманбаев сүйүктүүсүнүн колун сурап, жакында той болорун жар салган. Бирок сүйүшкөндөрдүн пландалган тою ишке ашпай, экөө таарынышып кеткени маалым болду. «Учурда махабат азабына малынып, азап тартып жүрөм» деген Алмаз Аманбаев жеке жашоосундагы күтүүсүз бурулуштар, үй-бүлөсү, чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

«Атам менен апам мен 1 жашка чыкканда таарынышып кеткен. 5 бир тууганбыз. 3 агам, 2 эжем бар. Мен апамдын бир тууган эжесинин колунда чоңойгом. «Апа» деп чоңойгом. Эч нерседен кем кылбай баккан ошол киши», — деди ал.