Шоумен Бакыт Байсариевдин атасы каза болду

Шоумен Бакыт Байсариевдин баккан атасы каза болду. Маалыматты SUPERTV`га ал өзү ырастады. Атасынын сөөгү Ысык-Көлдүн Ичке-Жергез айылында жерге берилет.

Шоумен буга чейин ата-энеси тууралуу берген маегинде “Ата-энем мен 10 айлык кезимде ажырашып кетишкен. Чоңойгондо атамды издеп барып, анын батасын алдым. Эмнегедир көзүмдөн жаш токтогон жок. Өз атам болбосо да, баккан атам бар. Апам экинчи жолу турмушка чыккан” деген.

SUPERTV`нын эмгек жамааты Бакыт Байсариевге жана анын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.