Шоумен Кадыр Жарматовдун келинчеги каза болду

Шоумен, актёр Кадыр Жарматовдун келинчеги Каныкей Саматова каза болду. Маалыматты анын жакындары тастыктады. Маалым болгондой, Кадыр Жарматовдун жубайы кечээ, 22-апрелде каза болгон.

«Эмнеден улам каза болгонун билбейм. Командасындагы балдар кечээтен бери ошол жакта жүрүшөт. Биз бүгүн тажыяга барабыз», — дейт жакындарынын бири.

Белгилей кетсек, шоумен менен келинчеги төрт баланы тарбиялап жатышкан.

SUPERTV’нын эмгек жамааты Кадыр Жарматовдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.