Шоумен Кубаныч Баркалбасов элиталык үйдөн батир алды

Шоумен Кубаныч Баркалбасов элиталык үйдөн батир алды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги өзү менен байланышканыбызда билдирди. Ал ошондой эле үйүнүн сырткы көрүнүшү тартылган видео менен бөлүштү.

«Батир алганбыз. Ичин оңдодук, эми киребиз», — деди ал.

Ал соцтармактагы баракчасына кошкон видеодо «Квартираны 30 миң сомго көтөрүп салышты эле. Эми өзүбүздүн үйгө киришибиз керек» дегенин угууга болот.