Шоумен Кубаныч Баркалбасов уулунун тушоосун балдар үйүндө кести

Шоумен Кубаныч Баркалбасов уулунун тушоосун балдар үйүндөгү балдарга кестирип, балдарга жагымдуу маанай тартуулады. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

«Достор сүйүнчү, балабыздын тушоосун кестик. Кудайга миң мертебе ыраазыбыз. Балабызга бакыт каалап коюңуздар. Сунушубузду четке какпай, тушоо кескенге макулдугун берген, Ак ниет балдар үйүнүн жалпы жааматына ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.

Ал ошондой эле балдар үйүнүн тарбиялануучуларын белектер менен кубанткан.