Шоумен Максат Надырбеков туулган күнүндө ата болорун билди (видео)

Шоумен, тамада Максат Надырбековдун жубайы Алина жолдошуна белек кылып, анын туулган күнүндө кош бойлуу экенин айткан видео менен бөлүштү.

«Бүгүн менин туулган күнүм. 34 жашка чыктым. Мага жубайым белек камдап коюптур. Биздин кубанычыбызда чек жок. Наристебиз аман-эсен жарык дүйнөгө келип алсын. Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө наристенин үнү жаңырып турсун. Мен сезимдеримди сөз менен жеткире албай турам», — деп жазды ал.

Максат Надырбеков менен жубайы Алина былтыр баш кошушкан.