Шоумен Медер Камчыбеков: «Кошунанын жөжөлөрүн өлтүрүп, апамдан аябай катуу таяк жегем»

SuperTV тамашоучу, шоумен Медер Камчыбековдун айылдагы балалыгы өткөн үйүндө конок болду. «Мектепте биринчи атаман болчумун» деген Медер мырза кантип кошунасынын жөжөлөрүн өлтүрүп, апасынан таяк жегенин, алгачкы сүйүүсү тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

«Айылдан таяк жеген күндөрдү эстесем, апамдан таяк жедим. Кезүү келет, мал тособуз. Малга барып, жөжөлүү тоокту көрүп калдык. Анан таш менен ким канчаны өлтүрөт деп ойноп баштадык. 5-6 жөжөсүн өлтүрүп салдык. Үйдө коркуп отурам, жанагы эже келди. Апамдарга айтыптыр. Мен чыбык катуу тийбесин деп каттап кийинип алдым. Ошондо катуу таяк жегем. Ошондон кийин бирөөнүн нерсесине тийишпей калгам», — деди ал.