«Силердин өлкө агрессорду колдоду». Дания Атай Өмүрзаков менен кызматташуудан баш тартты

Дания кыргызстандык белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков менен кызматташуудан баш тартты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Бүгүн телефон чалып, биздин келишим бузулганын айтышты. Пандемиядан улам эки жыл иштебей калдык, азыр бир нече жылга тыюу салынды. Жумуш издейин деп жатам, мага жана окуучуларыма артисттик кесип бүттү. «Сиздердин өлкө агрессорду колдоду. Биз сиздер менен кызматташа албайбыз» деп бизге түшүндүрүштү. Бул статус үчүн рахмат», — деп айтылат билдирүүдө.