«Силердин өлкөнү Орусиянын бир бөлүгү деп түшүнүптүрбүз». Дания Атай Өмүрзаков менен келишимди бузбай калды

Кечээ, 2-мартта Дания кыргызстандык белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков менен кызматташуудан баш тартканы маалым болгон. «Бүгүн телефон чалып, биздин келишим бузулганын айтышты. Жумуш издейин деп жатам, мага жана окуучуларыма артисттик кесип бүттү. «Сиздердин өлкө агрессорду колдоду. Биз сиздер менен кызматташа албайбыз» деп бизге түшүндүрүштү. Бул статус үчүн рахмат», — деп жазган Атай Өмүрзаков

Бүгүн, 3-мартта бийчи Фейсбуктагы баракчасына Дания аны менен кызматташууга даяр экенин, түшүнбөстүк болгонун жазды. Дания тараптан келген катта «Силердин өлкөнү Орусиянын бир бөлүгү деп туура эмес түшүнүп алыптырбыз. Кечирим сурайбыз» деп жазылган.