Советтик жана орусиялык театр жана кино актёру Андрей Мягков 83 жашында көз жумду

Бүгүн, 18-февралда советтик жана орусиялык театр жана кино актёру Андрей Мягков 83 жашында көз жумду. Бул тууралуу «Известия» Чехов атындагы Москва көркөм театрына шилтеме берүү менен билдирди.

Актёр карьерасын 1965-жылы Чесноков тиш доктур катары «Тиш доктурунун укмуштуу окуялары» комедиясында баштаган. Режиссер Эльдар Рязанов менен узак жылдар бою кызматташып, анын натыйжасында «Тагдырдын ирониясы, же Жеңил парың менен!», «Офистеги романы», «Гараж» жана «Мыкаачылык Романс» тасмаларына тартылып, элге белгилүү болгон.