Союзбек Сейитказиев: “Рахман Разыков ачуусу келгенде сүйлөбөй койчу. Жалгыз жазасы ушул эле”

Куудул, сатирик Рахман Разыков 7-июнь күнү коронавирус илдетинен дүйнө салып, кыргыз сатирасы орду толгус оор жоготууга учурады. Алп куудулду шакирти, куудул Союзбек Сейитказиев төмөнкүдөй эскерет.

«Рахман Разыков – түгөнбөгөн кенч эле. Биз ушунча нерсе кантип бир адамда катылган деп таң калчубуз.  Бир карасаң сатира, бир карасаң тамсил, бир карасаң ыр, бир туруп киного сценарий жазып, айтор эч эле тынбайт болчу. Шакирттерин бир да жолу кагып-силкип урушпаптыр. Ал ачуусу келгенде эч сүйлөбөй койчу. Жалгыз жазасы ушул эле. Чындыкты айткан кишини эч ким жактырбайт турбайбы. Ал ооруп жатат деген кабар чыкканда эч ким эч нерсе деген жок. Каза болгондо баары мактап-жактап чыга калышты. Сөөгүн деле театрдан чыгарышса болмок, ага да уруксат бербей коюшту окшойт. Шакирти катары ушул нерсеге капа болдум”, — дейт ал.

Рахман Разыковду кесиптештери, шакирттери кантип эскерет? Видеодон көрүңүз.