СССРдин Эл артисти Василий Лановой 87 жашында каза болду

СССРдин Эл артисти Василий Лановой 87 жашында көз жумду. Бул тууралуу «ТАСС» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 2-январь күнү Лановой жана анын жубайы Ирина Купченко коронавируска чалдыкканы белгилүү болду. Аларда оорунун белгилер болгон эмес, бирок ага карабастан Лановой ооруканага жаткырылган.

28-январда түштөн кийин Лановойдун абалы начарлап кеткендиктен, жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Кийинчерээк СССРдин Эл артисти Евгений Герасимовдун таанышы Рановка билдиргендей, Эл артисти клиникалык өлүмгө дуушар болгон.

Василий Лановой 1934-жылы 16-январда Москва шаарында туулган. 1953-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетине, кийинчерээк Б.Шукин атындагы театралдык окуу жайына тапшырып, аны 1957-жылы аяктаган. Студент кезинде эле «Жетилгендиктин күбөлүгү» аттуу биринчи тасмасында роль жаратып, 1956-жылы «Павел Корчагин» тасмасында башкы ролду ойногон.