Султан Каримовду колдоо иретинде кайрымдуулук концерт болот

Бүгүн, 25-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Султан Каримов 62 жашка чыкты. Буга чейин SUPER TV Султан Каримовдун 5 жылдан бери 6 түрлүү оору менен алышып келерин жана жардамга муктаж экенин айтып, видеоматериал даярдаган.

Жакында ырчыга каржылык колдоо иретинде кайрымдуулук концерти уюштурулары, иш-чара 10-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөрү маалым болду. Аны уюштурууну Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кыргызбай Осмонов баш болгон топ демилгелеген. Бул тууралуу Султан Каримов SUPER TV’га “Кайрымдуулук концерт 20-январда болмок, бирок айрым жагдайларды эске алуу менен 10-февралга жылды” деди.