26 жаштагы мексикалык модель «Аалам сулуусу» аталды

HOLLYWOOD, FLORIDA - MAY 16: Miss Mexico Andrea Meza is crowned Miss Universe 2021 onstage at the Miss Universe 2021 Pageant at Seminole Hard Rock Hotel & Casino on May 16, 2021 in Hollywood, Florida. (Photo by Rodrigo Varela/Getty Images)

АКШнын Флорида штатында “Аалам сулуусу” сынагы өтүп, анда Мексиканын 26 жаштагы сулуусу, модель Андреа Меза жеңүүчү аталды. Ал эми биринчи вице-мисс титулу Бразилия, ал эми экинчи вице-мисс Перунун сулуусуна буюрган. Сынакка жалпысынан 73 өлкөнүн сулуулары катышкан.

Меза Мексиканын атынан титулга ээ болгон үчүнчү катышуучу. Буга чейин 1991-жылы жана 2010-жылы мексикалык сулуулар “Аалам сулуусу” аталышкан.

Андреа Меза сынактын соңунда сөз сүйлөп, анда сулуулуктун стандарттарын өзгөртүүнү каалай турганын айткан.

“Коомубуз өнүккөнү менен, дале стереотиптер менен күрөшүп келебиз. Мен үчүн сулуулук – бул сырткы келбет эле эмес, биздин ички дүйнөбүз, жүрөгүбүз, жүрүм-турумубуз. Эч качан бирөөгө өзүңөрдү басынтууга жол бербегиле”, — деген ал.