«Суукта суу кечүү кыйын болду». Омар жаңы клибин элге тартуулайт

Ырчы Омар “Айша” деген аталыштагы жаңы чыгармасына клип тарттырды. Анын айтымында, клип 10-мартта элге тартууланат.

“Негизи ыр пандемиядан кийин даяр болгон. Ал эми клип күздө, суукта тартылган. Андыктан суу кечкен эпизоддорду тартуу кыйын болду. Баш каармандын ролун модель Аида Даниярова аткарса, клипти Темирлан Алдаяров тартты”, — дейт ырчы.