Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.
“Кыргыз Республикасынын Эл артисти” ардак наамын төмөндөгүлөр алышты:
| Айтыкеев Асанкоджо Аронович | – | “Кыргызтелефильм” чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын жогорку категориядагы кинорежиссеру;
|
| Апыев Талантбек Мамытович
|
– | С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси;
|
| Артыков Кадыралы Джусупович | – | И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын башчысы;
|
| Бейшекеев Сыймыкбек Токтогулович | – | эстрада ырчысы, “Сыймык” чыгармачылык-оюн-зоок борборунун артисти;
|
| Жумалиев Бакыт Арстанбекович | – | Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын режиссеру, артисти;
|
| Иманалиев Зайнидин Сабитович | – | М. Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин комуз классы боюнча мугалими, Кочкор району, Нарын облусу;
|
| Исмаилов Сапар | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын жетекчиси;
|
| Кочорбаева Жипариса Абдыкадыровна | – | Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
|
| Мамбетов Мурат Авалович | – | актер, режиссер, “Кыргызстан театр ишмерлери союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
|
| Нарбаева Алтынай Абдуллаевна | – | Чүй облусунун Ысык-Ата районунун маданият бɵлүмүнүн Б. Эдигеев атындагы “Ысык-Ата-Арашан” элдик-фольклордук ансамблинин солисти;
|
| Одуракаев Бусурман Кожокулович | – | Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
|
| Рыскулов Асанбек | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти; |
| Сейдракманов
Назаркул Эшенкулович
|
– | Кыргыз улуттук “Манас” театрынын артисти, манасчы; |
| Торабеков Чирмаш Топчибаевич | – | Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти-вокалисти;
|
| Уралиев Намазбек Келгенбаевич | – | К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз классы боюнча улук окутуучусу;
|