Сыймык Бейшекеев, Алтынай Нарбаева… «Кыргыз Эл артисти» наамын алгандардын тизмеси

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.

“Кыргыз Республикасынын Эл артисти” ардак наамын төмөндөгүлөр алышты:

Айтыкеев Асанкоджо Аронович “Кыргызтелефильм” чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын жогорку категориядагы кинорежиссеру;

 

Апыев Талантбек Мамытович

 

С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси;

 

Артыков Кадыралы Джусупович И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка кафедрасынын башчысы;

 

Бейшекеев Сыймыкбек Токтогулович эстрада ырчысы, “Сыймык” чыгармачылык-оюн-зоок борборунун артисти;

 

Жумалиев Бакыт Арстанбекович Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын режиссеру, артисти;

 

Иманалиев Зайнидин Сабитович М. Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин комуз классы боюнча мугалими, Кочкор району, Нарын облусу;

 

Исмаилов Сапар Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы эстрада-фольклордук жана элдик бий студиясынын жетекчиси;

 

Кочорбаева Жипариса Абдыкадыровна Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

 

Мамбетов Мурат Авалович актер, режиссер, “Кыргызстан театр ишмерлери союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;

 

Нарбаева Алтынай Абдуллаевна Чүй облусунун Ысык-Ата районунун маданият бɵлүмүнүн Б. Эдигеев атындагы “Ысык-Ата-Арашан” элдик-фольклордук ансамблинин солисти;

 

Одуракаев Бусурман Кожокулович Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;

 

Рыскулов Асанбек Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын
К. Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин артисти;
Сейдракманов

Назаркул Эшенкулович

 

Кыргыз улуттук “Манас” театрынын артисти, манасчы;
Торабеков Чирмаш Топчибаевич Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти-вокалисти;

 

Уралиев Намазбек Келгенбаевич К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз классы боюнча улук окутуучусу;