Сүйүктүүсүнүн колун сураган шоумен Алмаз Аманбаев: «Экөөбүз катуу тарынышып кеттик. Убакыт көрсөтөт»»

Жыл башында белгилүү тамада, шоумен Алмаз Аманбаев сүйүктүүсүнүн колун сурап, жакында той болорун жар салган. Бирок сүйүшкөндөрдүн пландалган тою ишке ашпай, экөө таарынышып кеткени маалым болду. «Учурда махабат азабына малынып, азап тартып жүрөм» деген Алмаз Аманбаев жеке жашоосундагы күтүүсүз бурулуштар тууралуу айтып берди.

«Кичине таарынышып жүрөбүз, жакшы болуп кетет деген ниеттер бар. Күнөөнү моюнга алган эрдик да. Мен жактан кетип калды, ал жактан да бир аз болду. 1,5 жыл сүйлөштүк. Азыр махабат азабына малынып жүрөбүз. Туулган күнүндө колун сурагам. Аты Бегимай, 2003-жылы туулган. Тойдо таанышканбыз. Тойдон кийин үйүнө жеткирип койгом. Жарашабызбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт», — деди ал.