Сүйүнчү! Актёр Эркин Усенбаев уулдуу болду

Актёр Эркин Усенбаев менен жубайы Ажара Шайыкова ата-эне болушту. Актёр жубайы көз жарганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

«Сүйүнчү! Уулдуу болдук. Кудайга шүгүр. Уулум үчүн рахмат», — деп жазды ал.

Эркин Усенбаев 2019-жылы үйлөнгөн.